Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Тарыхтагы эң ири жардам. АКШ Украинага дагы курал-жарак берерин айтты

Жардам пакетинин ичинде зениттик ракеталар, ок өтпөс машиналар, танканы талкалай турчу системалар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШ Украинага үч миллиард долларга бааланган жардам пакетин жөнөтөт. Бул тууралуу Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украина өзүн коргоо үчүн АКШ мындан ары да колдоо көрсөтө берерин билдирет", — деди ал брифингде.
Пентагондун маалыматы боюнча, жардам пакетинин ичинде RIM-7 Sea Sparrow зениттик ракеталары бар. Алардын саны жана кантип учуруу пландалып жатканы айтылган эмес. Ал эми Politico гезитинин жазышынча, бул курал душман тараптын канаттуу ракеталарын жана учактарын жок кылуу үчүн пайдаланылат. Ал суудан дагы, кургактан дагы иштетиле берет.
Мындан сырткары, жардам пакетине 50 аскердик автоунаа, 100 даана ок өтпөс М113 машина, танканы талкалай турган 500 ракета, HIMARS системасынын ок-дарылар, гаубицалар, артиллерия жана миномёттун оң миңдеген снаряддары кирген.
"Байден бийликке келгенден бери АКШ Украинага 24,9 миллиард доллардан ашык суммага бааланган аскердик жардам көрсөттү", — деп айтылган Пентагондун билдирүүсүндө.
Ошондой эле Вашингтон НАТОнун чыгыш блогуна кирген өлкөлөргө курал-жарак сатып алуу үчүн 682 миллион доллар бөлгөнүн жарыялады.
Конфликтолог АКШга быйылкы жылы кооптуулук жаратчу үч факторду атады