8-январга карата аба ырайы

Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас облусунда +5…+10, Чүйдө +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +7…+12, Ысык-Көл жеринде +3…+8, Нарында -1…-6 градус болот.
Термометр Бишкек жана Ош шаарларында +9…+11 градусту көрсөтөт.
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болот