Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түркия "Украинадагы кырдаал курчуйт" деген божомолун билдирди

Кечээ Россия менен Түркиянын президенттери Украинадагы кырдаалды талкуулаган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Украинадагы кырдаал жакынкы айларда курчуйт, бирок Анкара сүйлөшүү процесстерин жандантууга болгон күч-аракеттерин уланта берет. Бул тууралуу Түркия президентинин расмий өкүлү Ибрагим Калын Twitter баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бул украин кризиси мындан ары да тереңдеп жана көпкө созуларынан кабар берет.
"Ок атышууну токтотуудан кармалгандарды алмашууга чейин, дан азыктарын ташуудан өзөктүк коопсуздукка чейин — Түркия сүйлөшүүлөргө жол ачуу үчүн интенсивдүү күчүн жумшай берет", — деп жазды Калын.
Кечээ Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган Украинадагы кырдаалды талкуулаган. Путин Россия тынчтык жолунда жөнгө салуу боюнча диалогго ачык экенин ырастаган, бирок киевдик режимди курал менен шыкактап жаткан Батыштын деструктивдүү ролун белгилеген. Ал эми Эрдоган Анкара Москва менен Киевдин ортосунда ортомчулук ролду аркалоого даяр экенин дагы бир ирет билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Россиянын Рождестводогу тынчтык сунушун четке какты