Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский Россиянын Рождестводогу тынчтык сунушун четке какты

Путин 6-январда саат 12:00дөн баштап 7-январь саат 24:00гө чейин атышууну токтотууга тапшырма берген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский кечки кайрылуусунда Россиянын Рождестводогу тынчтык боюнча сунушун четке какты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Зеленский муну Россия фронттогу позициясын бекемдеп, күч топтоп алуу үчүн колдонушу мүмкүн деп атады.
"Азыр Россия Рождествону коргонуу катары колдонушу мүмкүн, бир азга болсо да биздин аскерлерди Донбасс жакка жылдырбай тургусу келет. Аны менен катар техникаларын, ок дарыларын, мобилизация болгон аскерлерин биздин позиция жакка жакындатып алууну көздөп жатат", — деди Зеленский.
Өз кезегинде Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Twitter баракчасына "Киев бийлиги Рождестводогу тынчтыктан баш тартуу менен Батыштын геосаясий оюндары үчүн өз элин жана өлкөсүн садага чабууга даяр" деп жазды.
Белгилей кетсек, кечээ Владимир Путин Москва менен Бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин элдешүү болсун деген кайрылуусун эске алуу менен коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырма берген. Ага ылайык, 6-январь саат 12:00дөн баштап 7-январь саат 24:00гө чейин Украина менен аскердик тиреш жүрүп жаткан бардык аймактарында ок атышуу убактылуу токтотулмакчы.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТО баш катчысы: Россия оңой эмес, жеңил-желпи мамиле жасоо кооптуу