Радио

Айталиев: ордо оюнун эл аралык аренага чыгаруу иштерине басым жасалат

Ордо федерациясынын президенти Таалайбек Айталиев ордо оюну мектептерде ойнотулушу керектигин айтты.
Sputnik
Ордо оюнун эл аралык аренага чыгаруу иштерине басым жасалат. Буга чейин 2018-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү аракети болгону менен иш соңуна чыкпай калган. Анткени ордо кыргыздарга гана тиешелүү оюн. Бул тууралуу Таалайбек Айталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер балдарына ордонун маанисин, философиясын, ойнолушун үйрөтүшү керек.
"Ордо федерациясы 2003-жылы түптөлүп, өлкөдө аталган спорттун түрүн жайылтып келет. Учурда ага кызыккандардын саны өлкө аймагында көбөйүп калды. Өзгөчө Талас, Ош, Чүй, Ысык-Көлдө жакшы өнүгүп, мыкты спортчулар чыгууда. Мындан тышкары, ордону эл аралык аренага чыгаруу иштерине басым жасалат. Буга чейин 2018-жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү аракети болгону менен иш соңуна чыкпай калган. Анткени ордо кыргыздарга гана тиешелүү оюн. Мунун философиясы, тарбиялык мааниси, ден соолукту чыңдоодогу орду чоң. Ата-энелер балдарына үйрөтүп, мектептерде ойнолсо көп жагынан ийгиликтер болмок", — деди Айталиев.
Ошондой эле адис Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ордонун кадырын көтөрүп, чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусун арттырганын кошумчалады.