БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кочкор районунда эркек кишини коюп кетип из жашырган жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КР
Маалыматка таянсак, 5-январда кечки саат 22:15тер чамасында Кочкор — Арал жолунун 22-чакырымында болжол менен 35-40 жаштагы кишини автоунаа коюп кеткен. Жабырлануучу жеринде каза болуп, ал эми айдоочу из жашырган.
"Аталган факты боюнча милициянын ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында Schmitz PR 24 (Howo) үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа экени аныкталган. Эркек кишинин өлүмүнө забын болгон 28 жаштагы Б. у. А. аттуу айдоочу кармалган", — деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ жол кырсыктарынын себепкерлери жана из жашырып кеткендер Кылмыш-жаза кодекси боюнча жоопко тартыларын эскертти.