БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 2023-жыл өткөн жылдан жылуураак болушу мүмкүн. Мындай божомолду Sputnik Радиосуна берген маегинде Жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фонддун климаттык программасынын директору, россиялык климатолог Алексей Кокорин айтты.
Ал алдыдагы он жылда, анын ичинде быйыл дагы аба ырайындагы кескин өзгөрүүлөр мурдагыдан көбүрөөк байкаларын белгилеген.
"Мындай көрүнүштөр, албетте, эки эсеге көп болот деп айта албайм, бирок баарыбыз сезе тургандай чоң өзгөрүүлөр күтүлөт. Эгерде анык бир жылды ала турган болсок, негизи баары Тынч океандагы агымдын абалынан, Эл-Ниньо (El Niño – испан тилинен которгондо "бала" дегенди билдирет – океандын үстүндөгү температуранын аномалдуу көтөрүлүшү) жана Ла-Нинья (La Niña – испан тилинен которгондо "кыз" дегенди билдирет – океандын үстүндөгү температуранын аномалдуу төмөндөшү) кубулуштарынан көз каранды. Мындан жыйынтыкка келе турган болсок, 2020-жыл аябай ысык болгон, 2021-жылы ага салыштырмалуу салкын болду. 2022-жыл болсо дээрлик 2021-жылдагы аба ырайына окшош болду", — деген адис.
Кокорин 2023-жылдын башында Ла-Нинья фазасы улана турганын, тактап айтканда, суук болорун белгиледи. Ал жалпылап алганда үстүбүздөгү жыл 2020-жылдагыдай ысык болбосо да 2022-жылга караганда жылуу болот деген божомолун айткан.
"2024-жылы жана андан аркы жылдарда бир кыйла жылуу болот. Жалпысынан алдыңкы он жылдыкта өтө суук кыштар өткөн он жылдыкка салыштырмалуу аз болот", — деди климатолог.