Ош облусунда жер титиреди

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Ош облусунун аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө кечээ кечинде катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.
Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Көк-Арт жана Кан-Коргон айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Министрлик жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.
30 секундада 30 миң кишинин өмүрүн алып кеткен зилзала. Спитак тууралуу видео