Министрлик кагаз калдыктарын экспорттоого коюлган чектөөнү узартууну сунуштады

2021-жылдан тарта макулатураны экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) ЕАЭБден башка өлкөлөргө ташып чыгууга алты айга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга коюлду.
Ведомство 2021-жылдан тарта кагазды жана картонду экспорттоого убактылуу чектөө киргизилгенин, анткени өлкөдө кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн чийки заттын жетишсиздиги байкалганын белгиледи.
"Эгер чара көрүлбөсө миңдеген жарандар иштеген жергиликтүү компаниялар жабылып, бюджетке салык жана салыктык эмес төлөмдөр түшпөй калышы мүмкүн. Кыргызстанда кагаздан жасалган буюмдарды чыгарган бир катар ири ишканалар иштейт. Көпчүлүгүндө регенерацияланган чийки заттын тартыштыгынан улам өндүрүштүк кубаттуулуктар 30-40 пайызга пайдаланылып жатат", — деп жазылган долбоордо.
Жогоруда айтылган фактыларды эске алуу менен кагаз экспорттоого тыюу салуу демилгеленген.
Кыргызстан былтыр кумшекерди кайсы өлкөлөрдөн алган? Тизме