Радио

Ижара келишими бир тараптуу бузулганда эмне кылуу керек? Юристтин жообу

Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров ижара келишими бир тараптуу бузулган учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.
Sputnik
Ижарачы сот процесстери бүткөнчө имараттан, кеңседен, батирден чыгарылбайт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, турак жай, имаратты ижарага берүү же алуу "Жарандык кодекстин" жана "Турак жай кодекстин" жоболоруна ылайык ишке ашат.
"Келишим бир тараптуу бузулса, экинчи тарап сотко кайрылышы керек. Анткени келишимде өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жобосу камтылат. Ага карабастан менчик ээси бир тараптуу батирден, үйдөн, имараттан чыгып кетүүнү талап кылса, ижарачы сот процесстери бүткөнчө андан чыкпоого укуктуу. "Турак жай кодексине" ылайык, менчик ээси мүлктү талаптагыдай абалда кармоого милдеттүү. Эгерде андай болбосо ижарачы же анын өкүлдөрү менчик ээсине эскертүү берип, кошумча мөөнөт берет. Буларга карабай менчик ээси тийиштүү талаптарды аткарбаса ижарачы мыйзамга ылайык сотко кайрылууга укуктуу", — деди Бакиров.
Юрист ижара алууда бардык жагдайды эске алуу менен сөзсүз келишим түзүлүшү керектигин кошумчалады.