Ханзаада Гарри Афганстанда кызмат өтөп жүргөндө 25 адамды өлтүргөнүн мойнуна алды

Ханзаада Афганстанда эки мөөнөткө кызмат өтөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри Афганстанда аскердик кызматын өтөп жаткан учурда 25 адамды өлтүргөнүн моюндады. Бул тууралуу Sky News телеканалына таянуу менен РИА Новости билдирди.
Ханзааданын Гарри Spare ("Запасной") деп аталган китеби 10-январда жарыкка чыгары күтүлүүдө.
"Мен ар дайым бизге каршы согушуп жаткан канча адамды өлтүргөнүмдү так айта алам. Менин саным — 25. Бирок бул менин моокумду кандырган жок, ошону менен бирге уялган дагы эмесмин", — деп жазган Гарри китебинде.
Британиянын ханзаадасы Афганстанда эки мөөнөткө кызмат өтөгөн.
ЖМК: Уильямдын падышалык милдеттери көбөйүүдө