Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинадагы жаңжалдан пайда көргөн жалгыз мамлекет аталды

Бул өлкө Россиядан ири көлөмдө чийки мунай алып тим болбостон, Кытайдын өзүндөгү көйгөйлөрдөн улам рыногунун бир бөлүгүнө да ээ болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Украинадагы кырдаалдан Индия гана пайда көрдү. Бул тууралуу экономист Марк Туатти BFM TV каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, 24-февралдан кийин Россия дал ушул өлкөгө ири көлөмдө чийки мунай сата баштаган.
"Индия аны кайра иштетип, андан ары Европага сатты", — деген эксперт.
Туаттинин айтымында, Нью-Дели "Кытай кабылган кыйынчылыктардан да утушта болуп, рыногунун бир бөлүгүн ээлеп алды". Бирок кирип келген 2023-жыл бардык мамлекеттер үчүн оор болору, анткени рецессия жалпы ааламды камтый турганы айтылды.
Буга чейин Россия Илимдер академиясынын Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер улуттук изилдөө институтунун директорунун илим боюнча орун басары Владимир Миловидов 2023-жылы тобокелчиликтердин катарында рецессия, инфляциянын тездеши жана Кытай экономикасынын жайлашы бар экенин айткан.
Ал эми Россия жогоруда аталгандардан тышкары импортко байланыштуу көйгөйлөрдөн, экспорттун кыскарышынан, өлкөнүн технологиялык өз алдынчалуулугун камсыздоодон кыйналары белгиленген болчу.
ЖМК: Британия быйыл G7 өлкөлөрүнүн ичинен эң катаал рецессияга тушугат