Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин согуш болуп жаткан аймакта ок атышууну убактылуу токтотууну тапшырды

Россия бийлиги Киевди да майрамда ок атууну токтотууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин 6-январда саат 12:00дөн баштап 7-январь саат 24:00гө чейин Украина менен аскердик тиреш жүрүп жаткан бардык аймактарында ок атышууну убактылуу токтотууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Путин Москва менен Бүткүл Россиянын патриархы Кириллдин бул убакытта элдешүү болсун деген кайрылуусун эске алуу менен коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырма берген.
Маалыматта согуш жүрүп жаткан аймактарда көп сандаган православ христиандары жашагандыгы белгиленген. Россия бийлиги Украина тарапты да ок атууну токтотууну жарыялоого, элге Рождество маймарамында сыйынуучу жайларга барууга мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы жаңжалдан пайда көргөн жалгыз мамлекет аталды