Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТО баш катчысы: Россия оңой эмес, жеңил-желпи мамиле жасоо кооптуу

Россия Украинага курал-жарак жөнөтүп жаткан НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Россияны жана анын президенти Владимир Путинди баалабай коюу өтө кооптуу экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Президент Путин Украинага байланыштуу пландарын, максатын өзгөрткөнүн айгинелеген факт жок. Демек, Россия менен эсептешпей коюу өтө кооптуу", — деген Столтенберг Норвегияга болгон сапары учурунда.
Макалада ал альянстын аскердик даярдыгын күчөтүү зарылдыгын белгилегени айтылды.
"Уюмга көбүрөөк жоокер, ок-дары жана курал-жарак керек", — деди Столтенберг.
Буга чейин 18-19-январь күндөрү Брюсселде НАТОнун жогорку аскердик органы болгон аскер комитетинин жыйыны өтөрү маалымдалган. Анда талкууга алына турган маселелердин катарында Украинага НАТО көрсөтө турган колдоо, альянстын алдында турган коопсуздук жаатындагы чакырыктар, аскердик запас, потенциал жана уюмдун коргонуу мүмкүнчүлүгү бар.
Эскерте кетсек, Россия Украинага курал-жарак жөнөтүп жаткан НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага деп жүктөлгөн куралдын бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын билдирип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинадагы жаңжалдан пайда көргөн жалгыз мамлекет аталды