Сураштырсак, борбордо айына 10 миң сом алган да мамлекеттик кызматкерлер бар. Демек, алар кошумча жумушта иштөөгө аргасыз.
Мугалим-тикмечи-координатор. 31 жаштагы Мунара Канатбек кызы Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы орто мектептердин биринде физика мугалими болуп эмгектенет. Убактысын эртең мененки саат 8:00дөн түшкө чейин мектепте өткөрөт. Андан кийин да кагаз иштери менен кармалып калат. Негизи мугалимдердин айлыгы саатына карап түзүлөт. Чакан мектепте иштегендиктен саат аз жана ал айына 27 миң сом маяна алат. Мунара Канатбек кызынын айтымында, мыкты кесиптештеринин көбү мектепти таштап башка ишке иштөөгө же чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болушкан.
© Фото / предоставлено Мунарой Канатбек кызы
"Мектепте 19 саат менен иштеп, түшкө чейин сабакта болом. Андан ашык саат берилбейт. Ошол себептен жумуштан кийин башка иштерде да иштөөгө мажбурмун. Айылга келген ар кандай чет элдик долбоорлор менен ыктыярчы, координатор да болуп иштейм. Мындан тышкары, эжем айылда ондон ашык аял иштеген тигүү цехин ачкан. Анда технологмун. Тигүүчүлөргө ар бир үлгүнү кантип тигүү керектигин түшүндүрүп, үлгүсүн тигип берип, иш бөлүштүрүп, кийин текшерип алам. Башында эжем экөөбүз шаардан буйрутма алып, жумуштан кийин кийим тигип иштеп да жүрдүк. Азыр 2-3 жыл мурункуга караганда айлык көбөйдү. Бирок баары бир балдардын, үй-бүлөнүн кемчилигин толук камсыздоого жетпейт", — деди Мунара Канатбек кызы.
Ал айылда мугалимдердин көбү бир үйдүн иштеген жалгыз мүчөсү экенин белгиледи.
Фотограф-көркөм жетекчи-музыкант. Адилет Тентигулов Жусуп Баласагын атындагы КУУнун маданий иштерди уюштуруу боюнча көркөм жетекчиси болуп эмгектенет. Эртең мененки 9:00дөн кечки саат 18:00гө чейинки убактысы университетте өтөт. Күнүнө иштесе да маянасы 10 миң сом.
Буга чейин №5 гимназияда көркөм жетекчи болуп иштеп келген Тентигулов университеттин айлыгы мектептен да аз экенин айтты.
© Фото / предоставлено Адилетом Тентигуловым
"Шартка байланыштуу былтыр Улуттук университетке жумушка кирдим. Айлык абдан аз. Убактымдын көбү университетте өтөт, бирок 10 миң сомдун тегерегинде маяна алам. Үйлөнө элек болсом да ал акча өзүмө жетпейт. Ошол себептен дайыма кошумча жумуш издөөгө туура келет. Кечкисин тойлордо музыкант катары кызмат кылып, ырдап акча табам. Кээде фотограф катары фотосессияларды жасайм. Кыскасы, мамлекеттик жумуштан тышкары дайыма буйрутма издеп, аны аткаруунун үстүндө жүрөм", — деди ал.
Адилетти үйлөнгөндөн кийинки жашоо ойлондурат. Анткени мындай аз айлык менен үй-бүлө багуу мүмкүн эмес.
Репетитор-мугалим. Бишкек шаарындагы №96 орто мектептин башталгыч классынын 34 жаштагы мугалими (аты-жөнүн айтууну каалаган жок) акчанын айынан бир катар жумуштарда иштегенин айтат. Ал түшкө чейин мектепте, түштөн кийин кошумча жумуш аркалайт.
"Мугалим болуп иштегениме беш жыл болду. Төрт баланын жалгыз бой энесимин. Маянам болгону 20 миң сом. Бул акча балдарымдын кийимине, тамагына, окуусуна текши жетпейт. Анткени базар кымбат, өзүм батирде турам. Азыр беш миң сомго эч кандай шарты жок батир жалдоого туура келет. Айлык көтөрүлдү деп айтканы менен башка жагынан кыскартып салды. Мисалы, квартал сайын мугалимдерге берилүүчү акча (КТУ — ред.) жоюлган. Ошондой эле мурда башка мугалимдин ордуна сабак өтсөң акча төлөнчү, азыр андай жок. Учурда көп мугалимдер ооруп жатат. Алардын сабагын бекер өтүүгө мажбурсуң. Ошондой эле буга чейин 30 саат алып иштей берчүбүз. Азыр 26 сааттан ашык берилбейт. Ушундай чектөөлөр кирип калганынан улам маянабыздын көтөрүлгөнү анча деле сезилген жок. Жаңы конуштарда ар бир класста 50дөн бала отурат. Окуучунун санына карап да акча берилсе болмок. Балдарды багуу үчүн кемпир багып, тигүү цехтеринде кийим таңгактап да иштедим. Учурда сабактан кийин бир жерден ижарага кабинет жалдап, сабагына жетишпеген балдарга репетитормун. Айына 2,5 миң сомдон беришет. Жаңы конушта ар кандай шартта жашаган ата-энелер бар. Ошол себептен ал баадан кымбаттата албайм. Баарынын абалы бирдей эмес. Ал эми жайында колбаса чыгарган цехте, тигүү цехинде иштөөгө мажбурмун", — деди мугалим.
Ал мамлекет үйү жок мугалимдерге бир бөлмөлүү болсо да жатакана куруп берсе деген тилегин билдирди. Ошол жатаканага батирлеген мугалимдер жарым-жартылай акча төлөп жашоого да макул экенин айтты. Анткени бирөөнүн үйүндө бала-бакыра менен жашоо оңой эмес.
Фельдшер-таксист. 28 жаштагы Адис Токтомамбетов Тез жардам көрсөтүү борборунда фельдшер болуп иштеп келген. Бир айда 10 сутка иштеген медик мурда 9-10 миң сом айлык алчу. Учурда Тез жардамда 7-8 сутка иштеп 15 миң сомдон ашык айлык алууга болот.
© Фото / предоставлено Адисом Токтомамбетовым
"Азыр бир эле мамлекеттик жумушта иштеп жан багуу мүмкүн эмес. Ооба, мурункуга караганда айлык көтөрүлдү. Бирок азык-түлүк да эки эсе кымбаттабадыбы. Ошол себептен мен да кошумча эки жерде иштейм. Негизги ишимден тышкары жеке менчик медициналык борбордо жана бош убакыт табылар менен шаарда такси айдайм. Азыр Бишкекте шарты бар батирге чыгуу үчүн айына 35 миң сом акы төлөөгө туура келет. Бул үчүн бир жумуштун акчасы жетпейт да. Өзүмдүн эки балам бар. Аларды да толук камсыздашым керек. Ал эми шаар четинде көп кабаттуу үйдөгү батирлердин ижара акысы 20 миң сомду түзөт. Кесиптештеримдин көбү эле 3-4 жерде иштешет. Бир катары батирде турат", — деди Адис.
Токтомамбетов мамлекет медиктерге да ипотекага үйлөрдү куруп берсе же убактылуу кызматтык үйлөр менен камсыздап, ал 15 жылдан ашык иштеген кызматкерлерге биротоло берилсе деген оюн билдирди.
Соодагер-мугалим. Алтынай Назаралиева Токтогул районунун Саргата айылындагы орто мектепте химия мугалими болуп эмгектенет. Чакан мектеп болгондуктан 18 саат менен гана иштеп, 24-25 миң сом маяна алат.
© Фото / предоставлено Алтынай Назаралиевой
"Жолдошум экөөбүз үйлөнгөндөн кийин Бишкекте жашадык. Андан кийин айылга көчүп келүүгө туура келди. Мектепке алгач киргенде 4000 сом менен иштедим. Ал өзүмдүн керектөөлөрүмө да жетчү эмес. Бирок иштей бердим. Былтыр майда маяна көтөрүлгөндө чындыгында жакшы айлык алдык. Быйыл азык-түлүк, керек-жарактын баары кымбаттаганы үчүн мурунку жашоо минимумунан айырмасы деле жок болуп калды. Маянабыз үй-бүлөбүздү толук каржылай албагандыктан мен да соодага өтүп кеттим. Күнүнө 3-4 гана саат сабак өтөм, андан кийин кийим сатам. Себеби мектепте саат аз. Учурда соодагерлик жаатында билим алып, Кытайдан,Түркиядан буйрутма алдыруу үчүн курс окуп, онлайн-сооданы да өздөштүрүп жатам. Базарга барып соода кылсаң орунга төлөйсүң, патент жана машина менен айылдарды кыдырып, жайма базарга да чыгым болобуз. Ошол себептен башка жолдорун издеп жатам. Жакында соодагерликтен тапкан каражатыма Кытайдан химия сабагына керектүү колдонмо куралдарды алдырып, кечээ ачык сабак өттүм. Өзүмчө рахаттанып, абдан кубандым. Маянанын аздыгы мени кошумча кесиптин ээси болууга мажбур кылды", — деди Алтынай.
Алтынай учурда айылда турат, "Дордойдон", Кытайдан кийим-кече алдырып сатат.