Радио

Ырысбаев: Кыргызстандын таяк тартыш мектеби күчтүү

Таяк тартыш боюнча Азиянын чемпиону Улукбек Ырысбаев маст-рестлинг спорту абдан оор болгондуктан көбү чыдабай тургандыгын айтты.
Sputnik
Маст-рестлинг боюнча дүйнөдө атаандаштык абдан жогору. Бирок Кыргызстандын таяк тартыш мектеби күчтүү. Бул тууралуу Улукбек Ырысбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, таяк тартышта жаштар жана чоңдор арасында да кыргызстандык спортчулар алдыга киши салбайт.
"Машыгуу үчүн спорттук залга келип, балдардын таяк тартышып жатканын көрүп кызыгып калгам. Машыктыруучум Келдибек Атайбек уулу алгач бардык ыкмаларды үйрөтүп, жол көрсөтүп берген. Бул спорт көп жагынан жагып, машыга баштагам. 2022-жылы Кыргызстандын чемпионатын утуп, Азия чемпионатына жолдомо алгам. Андан соң дүйнө биринчилиги, Түркияда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да биринчи орунду ээледим. Маст-рестлинг спорту абдан оор спорт болгондуктан көбү чыдабайт. Сырттан караганда жеңил, бат болгону менен бардык булчуңга күч келип, абдан татаал. Биздин мектеп дүйнөдө алдыда турат. Ошондуктан дайыма эл аралык мелдештерде алдыга киши салбайбыз", — деди Ырысбаев.
Ошондой эле спортчу дүйнө чемпионатын утууга бардык аракеттер болорун кошумчалады.