УКМК Кочкордо 100 гектар жерди басып алды деп кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Иш Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин арызынын негизинде козголгон. Кармалган жарандын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө күч колдонуп коркутканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Нарын облусундагы кызматкерлери жер тилкесин басып алуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун А.Ы. аттуу мүчөсүн кармашты. Мындай билдирүүнү комитеттин маалымат кызматы таратты.
Ага ылайык, жер тилкеси Кочкор районунда жайгашкан. Кылмышка шектүү 4-январда колго түшүрүлгөн.

"Ал Кочкор районунун аксакалдар кеңешинин биргелешип жазган арызынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Ы. жеке жактарга сатуу үчүн Кочкор районундагы 100 гектардан ашык жер тилкесине өз алдынча ээ болуп алгандыгы аныкталды. Андан соң ал аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө күч колдонуп коркуткан. Кармалган адам Кочкор районундагы Ш.Н. аттуу жарандын уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Ал 2022-жылдын декабрь айында Кочкор РИИинин кызматкеримин деп кафенин ээсинен опузалап акча талап кылган факты боюнча кармалган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Мындан тышкары, мекеме уюшкан кылмыштуу топтордун акча талап кылгандыгы тууралуу маалыматтарды билгендер болсо, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалса УКМКга кабарлоону өтүнгөн.
Кафе ээсине ыдык көрсөткөндөрдү калкалаган Кочкор РИИБдин жетекчилиги кармалды