БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь айында Казакстанда болгон башаламандыкка даярдык 2021-жылы башталып, бир жыл бою жүргөн. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Берик Асылов парламенттин аталган окуянын жыйынтыгын чыгаруу боюнча өткөн жыйынында айтканын Sputnik Казакстан жазды.
"2021-жылда башаламандыкты ишке ашыруучулар жыл бою радикалдуу иштерди жасоого жашыруун даярданышканын гана айта алам. Аткаруучулар арасында уюшкан кылмыштуу топтор да бар. Алар элди топтоп, куралданып, рация жана транспортторду сатып алышкан. Тергөө күч структураларынын айрым кызматкерлери бул чыккынчылык ишти уюштурууга катышкандыгын аныктады", — деген Асылов.
Башкы прокурор Дикий Арман каймана аты менен белгилүү болгон Арман Жумагелдиевге токтолуп, ага Улуттук коопсуздук комитетинен жол көрсөтүп турушканын белгиледи.
"Мисалы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алматыда эң чоң роль Жумагелдиевге берилген. Ал УККнын көзөмөлү астында иш-аракеттерди жасагандыгы аныкталды. Дикий Арман башаламандыкты уюштуруп, ага жетеленгендердин башында туруп "Элдик кеңеш" аттуу кыймылды түзүп, ал кеңеш бийликке бирдиктүү доо-талап коймок. Бул үчүн ага Алматы маслихатынын экс-депутаты, кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Махатов жардам берген. Ал Алматыдагы "Казакстан" мейманканасына келген бандиттерди куралдандырган. Бирок массалык каршылык акциясын уюштура алышкан эмес, эл аларды ээрчиген жок", — деген Казакстандын башкы прокурору.
Анын айтымында, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын орун басары Ануар Садыкулов мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу аракеттери, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча сот жообуна тартылууда.
Асылов, мындан тышкары, комитет төрагасынын мурдагы орун басары Ергожинге, Осиповго жана комитеттин бөлүмдөрүнүн айрым башчыларына айып тагылганын кошумчалап, башаламандыкты уюштургандардын арасында Өзбекстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын жарандары да бар экенине токтолгон. Башкы прокурор булар башаламандыктын алкагындагы башка кылмыш иштерине да шектелип жатышкандыгын белгилеп, бирок алардын жалпы санын ачыктаган эмес. Асылов билдиргендей, алардын ичинен сегиз киши деструктивдүү диний агымдарга киргендер.
Эскерте кетсек, былтыр жыл жаңырары менен Казакстанда болгон окуядан 230 адам набыт болуп, 53 кишинин өлүмүнүн жагдайы такталууда. Коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурагандыктан тынчтыкты орнотуучу күчтөр жиберилген. Миссияга Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын аскерлери катышкан.