Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ: 2022-жылдагы Казакстандагы башаламандыкка бир да кыргызстандык катышкан эмес

Буга чейин Казакстандын башкы прокурору 2022-жылы январда Казакстанда болгон башаламандыкка катышкандардын арасында кыргызстандыктар да бар деп билдирген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. 2022-жылдагы Казакстанда болгон башаламандыкта Кыргызстандын бир дагы жараны андагы митингдерге, талап-тоноочулукка катышкан эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Буга чейин Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов 2022-жылы Казакстанда болгон башаламандыкты уюштургандардын арасында кыргызстандык жарандар да бар деп билдирген болчу.

"Министрлик Казакстандын башкы прокурорунун "өткөн жылдагы башаламандыкка кыргызстандыктар да катышкан" деген билдирүүсүн толугу менен четке кагат. Ошол эле учурда массалык башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кыргызстандын эки жараны шарттуу түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Экөө алардан көз каранды болбогон жагдайда капысынан башка эпизодго кириптер болуп калышкан. Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын жоопкерчилиги жана күнөөсү далилденген эмес. ТИМ жана анын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү тарабынан башаламандык болуп жаткан учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар тараптуу иштер аткарылган", — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги ал учурда тез аранын ичинде башаламандык болгон аймактардан 600дөн ашуун кыргызстандык эвакуацияланганын кошумчалады.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанда 2022-жылдагы башаламандык кантип уюштурулганы маалым болду