Радио

Мурзабеков: Депозиттерди коргоо фонду үч булактан толукталат

Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча аталган агенттиктин мүчөлөрүндө 5 миллионго жакын аманат эсептери катталганын айтты.
Sputnik
Аманаттарды коргоо системасы пайда болгондон кийин кыргыз өкмөтү 2008-жылы негиздөөчү катары 257 миллион сом мүчөлүк акы салып, Аманаттарды коргоо фонду түзүлгөн. Учурда фонд 4,3 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Эркебай Мурзабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Депозиттерди коргоо фонду үч булактан толукталып, кепилденген аманаттын көлөмүн көбөйтүүгө жумшалат.
"Депозиттерди коргоо агенттигине Кыргызстандагы 23 банк, бир микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компаниясы мүчө катары иш алып барат. Алар квартал сайын мүчөлүк акы төлөп турат. Аманаттарды коргоо системасы пайда болгондон кийин кыргыз өкмөтү 2008-жылы негиздөөчү катары 257 миллион сом мүчөлүк акы салып, Аманаттарды коргоо фонду түзүлгөн. Учурда фонд 4,3 миллиард сомдон ашты. Фонд үч булактан толукталат, биринчиси өкмөттүн баштапкы төлөмү болуп саналат. Экинчиси — мүчөлөрдөн түшкөн акча жана үчүнчүсү — инвестициялык булактар. 2022-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча, Депозиттерди коргоо агенттигинин мүчөлөрүндө 5 миллионго жакын аманат эсептери катталган", — деди Мурзабеков.
Ошондой эле адис бир нече банкта же микрофинансылык компанияда салынган депозиттер да корголорун кошумчалады.