БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек шаарына 10-15 социалдык мончо куруу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, шаарга коомдук мончо куруу — ыштан арылуу жолдорунун бири.
"Азыр ыш маселеси абдан курч болуп жатпайбы, президент буга байланыштуу тапшырма берди. Өзгөчө жаңы конуштарды кара түтүн каптап, Кара-Кеченин көмүрүнүн түтүнүнө шаар ышталып калды. Эл аны "чечкиле" деп туура талап коюп жатат. Бишкек шаарында 240 жеке менчик мончо бар. Көбү синтетикалык калдыктарды, дөңгөлөк, көмүр жагат, ыштын баары шаарды каптайт. Бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу 10-15 социалдык мончолорду куруу деген тапшырма берилди. Азыр план түзүп жатабыз. Шаардагы ар бир районго болбоду дегенде үчтөн социалдык мончо курулуш керек деген маселе турат", — деди мэр.
Ал учурда шаардын бюджети каралып, кайсы объектилерди куруу же курулушун бүтүрүү артыкчылыктуу экенине анализ жасалып жаткандыгын кошумчалады.