БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин Превентивдүү аракеттер борборунун директору Пол Старс америкалык The Hill басылмасына жазган макаласында АКШ үчүн 2023-жылы боло турган үч башкы кооптуулукту божомолдоп, тизмектеп берди.
Конфликтолог биринчи кезекте АКШнын Россия же Кытай, болбосо эки мамлекет менен бир убакта согушуу ыктымалдуулугу күч деп эсептейт. "Бул жагдай АКШга каршы массалык жок кылуучу курал колдонууга караганда да коркунучтуу", — деген Старс.
Экинчи орунду өзөктүк курал колдонулушу мүмкүн деген беш аймак ээлеген. "Корей жарым аралында жаңжалдын жанданышы, Израиль менен Ирандын кагылышуусу, Индия менен Пакистандын согушу, Түштүк-Кытай деңизиндеги америка-кытай каршылашуусу жана Кытай менен Индиянын чек арадагы пикир келишпестиги АКШ үчүн кооптуулук жаратат", — деген пикирде эксперт.
Үчүнчү сапты климаттын өзгөрүшү сыяктуу апааттардын кесепети жана өзөктүк курал колдонуунун жайылып кетишинен келчү кооптуулук ээлеген. "Сахелде, Сомалиде жана Борбор Азияда айлана-чөйрөгө байланыштуу көйгөйлөр, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепети барган сайын курч маселеге айланып бара жатат", — деди Старс.
Буга чейин россиялык сенатор Алексей Пушков дүйнөнүн алдыңкы державаларын кагыштырчу үч аймакты атаган. Анын айтымында, бул — Украина, Тайвань жана Корей жарым аралы. Сенатор Сирияны тизмеге кошкон эмес, анткени АКШ жана аны колдогон тараптар ал аймактан чегинүүгө аргасыз болгон.