Бишкектин жолдоруна түндөн бери 202 тонна туз себилди

Калаа мэриясы шаардыктарды жолдордо этият болууга чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. “Тазалык” муниципалдык ишканасы өткөн түндөн баштап азыркыга чейин жолдорго туз себүү жана кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Учурда борбор калаанын көчөлөрүндө 37 техника, 26 жол оңдоо кызматкерлери жана 641 “тазалыкчылар” иштеп жатат. Жолдорго 202 тонна туз себилгени айтылды.
Бишкек мэриясы шаардыктарды жолдордо сак болууга, жол эрежесин сактоого чакырды.
Жолго чыккандар абайлагыла. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү