Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия: Макеевкадагы трагедияга аскерлердин уюлдук телефон колдонуусу себеп болгон

Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги трагедияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну жана келечекте мындай болбошу үчүн зарыл чараларды көрүүнү убада кылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Россиянын Макеевкада убактылуу жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн биринин пунктуна HIMARS ракеталары тийип, 89 жоокердин каза болушуна кызматкерлердин тыюуну бузуп уюлдук телефондорду массалык түрдө колдонушу себеп болду. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлигне шилтеме берип РИА Новости жазды.
Куралдуу күчтөрдүн аскердик-саясий башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары, генерал-лейтенант Сергей Севрюков белгилегендей, бул фактор душманга сокку уруу үчүн аскер кызматкерлеринин ордун таап, координаттарын аныктоого мүмкүндүк берди.
Коргоо министрлиги каргашалуу окуяга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга жана келечекте мындай болбошу үчүн зарыл чараларды көрүүгө убада берди.
Украина артиллериясы 1-январда Москва убактысы боюнча саат 00:01де Макеевка аймагындагы орус аскер бөлүктөрүнүн биринин убактылуу жайгаштырылган пунктуна HIMARS снаряды менен алты жолу сокку урду. Эки ракета абадан коргонуу тарабынан тосулуп, дагы төртөө россиялык аскер кызматкерлери болгон имаратка тийген. Анын кесепетинен шыптар кулап түшкөн.
Окуя болгондон кийин дароо бөлүктүн кызматкерлери жана башка бөлүмдөрдүн жоокерлери жабыркагандарды сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүштү. Аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканаларга жеткирилген. Буга чейин каза болгондордун саны 69га жеткени белгилүү болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун баш катчысы Украинадагы жаңжалдын узакка созулушуна даярданууга чакырды