Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Катар кубогунда алтын медаль утту. Видео

Турнир учурда Доха шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстандан эки спортчу барган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Катар кубогу эл аралык турниринде алтын утту. Бул тууралуу КРдин Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов билдирди.
Расулбеков 102 килограммга чейинки салмак категориясында чыкты.
Кечээ бул турнирде кыргызстандык дагы бир оор атлетчи Эмил Молдодосов күмүш байгеге ээ болгон. Молдодосов 89 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Бул категорияда 9 спортчу ат салышкан.
Турнир ушул тапта Доха шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын атынан Эмил Молдодосов менен Бекдөөлөт Расулбеков катышты.
Кыргызстандык оор атлетчи дүйнө чемпионатында чакан коло медаль жеңип алды