Бир да үйү жок. Баш прокурор Зулушевдин байлыгы тууралуу маалымат жарыяланды

Ал 2021-жылга карата киреше-чыгашасы жана байлыгын көрсөтүп декларация тапшырган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Салык кызматы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү туралуу маалыматты жарыялады.
Ал 2021-жылга карата киреше-чыгашасын жана байлыгын көрсөтүп декларация тапшырган.
Документке ылайык, Зулушев бир жылда 1 миллион 88 миң сом киреше тапкан, эмнегедир чыгашасы жазылган эмес. Toyota маркасындагы автоунаасы бар, анын үлгүсү так көрсөтүлгөн жок. 70 миң сомдук эмерекке, 35 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат.
Бодо малы 250 миң сомго, жылкылары 3,6 миллион сомго бааланат.
Жакын туугандары 300 миң сом киреше чогулткан, алардын да чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Алардын 119 чарчы метрлик жер тилкеси, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жери бар. Андан башка дагы кандай багытта экени белгисиз 213,7 чарчы метрлик жери көрсөтүлгөн.
Мында баш прокурордун өзүнүн да, үй-бүлөсүнүн да баш калкалоочу турак жайы жок болууда.
Белгилей кетсек, Курманкул Зулушевдин 2020-жылдагы декларациясында жакын туугандарынын 119 жана 213,7 чарчы метрлик жер тилкеси “турак жай” деп жазылган болчу.
Акылбек Жапаров менен орун басарларынын эмне мал-мүлкү бар? Декларация