Радио

Сокеев: суу чарба тармагына жаштар дээрлик келбейт

Айыл чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев суу чарба тармагындагы адистердин көбүн жашы улгайгандар түзөрүн айтты.
Sputnik
Суу чарба, ирригация тармагында Кыргыз улуттук агрардык университети жана Кыргыз-Россия Славян университети адистерди окутуп чыгарат. Бирок алардын дээрлик көбү аталган системага барбайт. Бул тууралуу Алмазбек Сокеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, суу чарба тармагын чарбалык эсепке өткөрүп, адистерге жакшы эмгек маяна берип даярдаса болот.
"Айыл чарба тармагында кадр маселеси абдан орчундуу. Учурда суу чарба тармагындагы адистердин көбүн улгайгандар түзөт. Кыргыз улуттук агрардык университети жана Кыргыз-Россия Славян университети адистерди окутуп чыгарат. Бирок алардын дээрлик көбү аталган системага барбайт. Анын негизги себеби — айлыктын аздыгы. Бүгүнкү күндө орточо эмгек акы 5 миңден 16 миң сомго көтөрүлдү. Тилекке каршы, азыркы шартты эске алганда каражат жетпейт. 50-60 жаштан ашкан адамдар каналдарды тазалап, бетон куюу иштерин аткара албайт", — деди Сокеев.
Ошондой эле адис ички чарба каналдарын айыл өкмөттөрү өз балансына алып, тиешелүү бюджет бөлүнүп берилсе ирригация маселелери убагында чечилип турарын коумчалады.