Калың кардан улам Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Жеңил унаалар эки тараптан тең токтоосуз өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бул туурасында “Кыргыз автожол” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 3-январда, түшкө маал бороон-чапкын болуп, жааган кардан улам аталган трассанын 123-124-чакырымдарына кар күрткүсү пайда болгон. Аны тазалоого атайын техникалар тартылып, жол бир тараптуу ачылган.
Катаал аба ырайына байланыштуу кечээ саат 15:00дө Бишкек — Ош жолунун Сосновка өткөрмө бекетинен жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө чектөө киргизилген. Ал эми жеңил автоунаалар эки тараптан тең токтоосуз өтүп жатат. Жолдогу абал жакшыргандан кийин гана каттамдар толук ачылат.
“Кыргыз автожол” ишканасы айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууну, чынжыр тагууну жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертет.
Жолго чыккандар абайлагыла. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү