Өлкөдөгү банктарда чет элдик валютадагы депозиттердин көлөмү 1,5 эсеге өстү

Акыркы маалыматтар боюнча, салымдын баш-аягы 327 миллиард сомдун тегерегинде. Кеп улуттук акча жана чет элдик валюталар туурасында жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Улуттук банктын маалыматына таянсак, өткөн жылдын бардык эмес, бир нече айы үчүн сом менен эсептегенде чет элдик валютадагы депозиттердин көлөмү бир жарым эсеге өскөн. Кеп депозиттик база тууралуу болууда.
2021-жылдын аягына карата алганда, сомдун эквивалентиндеги салымдар дээрлик 100 миллиардга жакындаган. Сумма андан кийин өзгөрүп, ал тургай 2022-жылдын март айынын соңунда 89 миллиард сомго чейин түшкөн. Анткен менен кайра өсүп отуруп, ноябрь айынын аягында 153,9 миллиард деп бааланган. Аталган айдын соңунда депозиттик база 327 миллиард сомго жеткен.
Былтыр курс олку-солку болуп, мисалы, мартта 107 сомду түзгөн, бирок 80 сомго да түшүп кеткен учурлар болгон.
Радио
Мүсүралиев: адам тапкан акчасынын 10-20%ын керексиз нерсеге жумшайт