5-январга карата аба ырайы

Эртең күндүн табы 10 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Эртең, 5-январда, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттиги маалымдады.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 5…10, Талас жергесинде 4…9, Ысык-Көл чөлкөмүндө 1…6 градус жылуу болору айтылды. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүн табы 4…9 градус нөлдөн жогору болот. Ал эми тоолуу Нарында -4...-9 градус суук болот.
Термометр Бишкек шаарында +8...+10 жана Ош калаасында +7...+9 градусту көрсөтөт.
Жылдын алгачкы айы өтө суук болобу? Январга карата аба ырайы