Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Евробиримдик менен качан саммит өткөрө турганы айтылды

Зеленский Евробиримдиктин төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, алдыдагы иш-чараны талкуулаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Украина — Евробиримдик саммити Киев шаарында 3-февралда өтөт. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Зеленскийдин маалымат кызматы тараткан билдирмеде айтылганын РИА Новости жазды.
Мамлекет башчынын сайтында ал Евробиримдиктин төрагасы Урсула фон дер Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалган. Тараптар 3-февралда белгиленген сүйлөшүүдөн күтүлүп жаткан жыйынтыктарды талкуулаган.
Мындан сырткары, тараптар алдыдагы саммиттин алкагында даярдык иштерин илгерилетүүнү макулдашкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина армиясы HIMARS ракетасы менен Макеевкага сокку уруп, 63 киши көз жумду