Шаяхметов: айлык көбөйгөнү менен тез жардам унаалары боюнча көйгөй курч

Ноябрь айында эле Тез жардам кызматынын унаалары катышкан беш жол кырсыгы катталган. Шаяхметов мында айдоочулардын күнөөсү жок экендигин, унаалар жарактан чыккандыгына байланыштуу болгондугун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов борбордун жумушундагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан радиосуна маек курган.
Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов
Ал Кыргызстандын жогорку окуу жайларында ыкчам медициналык жардам көрсөтүү боюнча адистерди даярдашпайт деп билдирип, бул багытта адистерди даярдоо кеңешин айта кетти.
"Жакшы жактарын айта турган болсом, маянаны көбөйткөндөн кийин адистер иштейм деп кайра келе баштады. Алар мурдагы кесиптештер, жаш адистер. Ал эми техника жаатындагы көйгөйлөр ошол бойдон калууда. Автоунаалар сутка бою иштейт, алардын арасында иштөө мөөнөтү өтүп кеткендер да бар. Стандарт боюнча унааларды 5,5 жылдан кийин пайдалануудан чыгаруу керек. Бизде, мисалы, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү алты Тез жардам унаасы 13 жылдан бери пайдаланылууда, жети-сегиз жылдан бери колдонулуп келе жаткандар да бар. Пандемия учурунда Саламаттык сактоо министрлиги реанимобилдерди алып берген, бирок унаалар дайыма жаңыланып турушу керек. Мына ноябрда эле биздин унаалар катышкан беш жол кырсыгы катталды. Анда айдоочулардын күнөөсү жок, автоунаа жарактан чыккан да. Дагы жакшы, медицина кызматкерлери аман калышкан", — деди директор.
Шаяхметов автоунаалар балдарга тез жардам көрсөтүү жаатында да жетишсиз экендигин белгиледи.
"Анда алты унаанын ичинен бирөө эле иштейт. Бирок жетишип иштөө үчүн башка унаалар да чыгат, алар кичинекей бейтаптарды тейлөө талаптарына жооп бербейт. Эми министрлер кабинети "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн каражатка 8 автоунаа сатып берүүнү убадалап жатат. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун базасында түзүлгөн Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы азырынча толук кандуу, буга чейин пландагандай режимде ишке кирише элек. Бир учурда ал Тез жардам ооруканасы болчу, кийин эле илимий борбор кылып түзүшкөн. Биз атайын бригада, дарыгерлер жана фельдшерлер тобунан турган өзүнчө мекемебиз. Тез жардам көрсөтүү ооруканасында терапия, аллергология, токсикология, реанимация, травматалогия жана башка бөлүмдөр болушу керек. Мындай учурда жол кырсыгына кабылган адамды адистер дароо торакалдык бөлүмгө, андан ары абдоминалдык бөлүмгө которуп, анан урологдордун текшерүүсүнөн өтмөк. Ошентип комплекстүү дарылануудан өтчү. Бүгүнкү күндө ооруканада кардиология менен эле терапия бөлүмү ачылды. Түзүлгөнүнө деле аз эле болду, эми дарыгерлердин штаты керек", — деп кошумчалады Шаяхметов.
Пресс-борбор
Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча имараттар курулат