Памир, Ванда жашаган кыргыздар. Журтташтарыбыздын архивдик сүрөттөрү

Тарыхый маалыматтар боюнча, Памирде кыргыздар ХII кылымдан бери жашап келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги кандаштарыбыздын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Улуу Британия, Россия жана Кытай Памирди XIX кылымдын аягында бөлүштүрүп, кыргыздардын кызыкчылыгы такыр эске алынбай калган. Мунун кесепетинен алардын жайлоо-кыштоосу тарып, боордошторубуз Афганистан, Кытай жана Россиянын жарандыгын алууга мажбур болгон. 1920-жылдары Памирде коммунисттик бийликтен качкан айрым алайлык кыргыздар баш паанек тапкан.
Ал эми 1978-жылы Афганистандан Рахманкул хан баш болгон эки миң памирлик кыргыз Пакистанга качышат. Анын ичинен айрымдары кийин кайра тарыхый мекенине кайтып келсе, калгандары Түркиянын Ван чөлкөмүнө көчкөн.
1 / 19

Мургаб дарыясынын боюнда памирлик кыргыздардын конушу. Түркстан фотографиялык көргөзмөсү. 1899-жыл

2 / 19

Топоз минген памирлик кыргыз 1899-жыл

3 / 19

Памирлик кыргыз мергенчилер. 1899-жыл

4 / 19

Көчүп-конгон памирлик кыргыздын үй-бүлөсү. 1899-жыл

5 / 19

Памирлик кыргыздардын бодо малы. Алар да төрт түлүк мал багып тиричилигин көрүшкөн. 1899-жыл

6 / 19

Памирлик кыргыздардын төө жарышы. Алар ушинтип чер жазышкан. 1899-жыл

7 / 19

Памирде жашаган кыргыз келин. 1899-жыл

8 / 19

Памирлик кыргыздардын жаштары. Түркстан фотографиялык көргөзмөсү. 1899-жыл

9 / 19

Памирлик кыргыздардын жыйыны. 1899-жыл

10 / 19

Селде оронгон памирлик кыргыздар. Түркстан фотографиялык көргөзмөсү. 1899-жыл

11 / 19

Орус аскерлеринин лагери. Алай. 1898-жыл. Түркстан фотографиялык көргөзмөсү

12 / 19

Уй минген памирлик кыргыз. 1899-жыл. Түркстан фотографиялык көргөзмөсү

13 / 19

Памирлик кыргыздардын байбичелери. 1899-жыл. Түркстан фотографиялык көргөзмөсү

14 / 19

Памирлик кыргыз келиндер. 1914-жыл

15 / 19

Эки памирлик кыргыз жигити. 1911-жыл

16 / 19

Кыргыз келин. Ош облусу, Алай. 1920-жыл

17 / 19

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылындагы орто мектепте окуган кыргыз кыздары. 2011-жыл

18 / 19

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылындагы кыргыз аялдар майрамга даярдык көрүүдө. 2011-жыл

19 / 19

Афганистанга караштуу Памирде жашаган Керез апа Түркиянын Ван чөлкөмүндөгү жашаган туугандарына конокко келген учуру. 2011-жыл

Тема боюнча:
Кыргыздардын кыштоодогу турмушу. Бир кылым мурунку жашоонун сүрөттөрү
Ош шаары 100 жыл мурун кандай болгон? Архивдик сүрөттөр