БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстандык оор атлетчи Эмил Молдодосов Катардын кубогунда күмүш медаль алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине КРдин Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов билдирди.
Федерациянын өкүлү бул дүйнөлүк мелдештердин бири экенин жана жыл сайын ондогон өлкөдөн спортчулар келерин белгиледи.
Турнир ушул тапта Доха шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын атынан Эмил Молдодосов менен Бекдөөлөт Расулбеков жөнөтүлгөн.
Молдодосов 89 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Бул категорияда 9 спортчу ат салышкан. Кыргызстандык спортчу жулкуп көтөрүүдө (162 кг) алтын медаль алган, түртүп көтөрүүдөн (185 кг) күмүш алган. Жалпы эсепте (347 кг) экинчи орунга татып, биринчи орун омандык атлетке ыйгарылган. Коло медаль түштүк кореялык спортчуга буюрган.
Ал эми Бекдөөлөт Расулбеков бүгүн күч сынашат.