БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргызстан 2015-жылдан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсү. Sputnik редакциясы Кыргызстан интеграциялык бирикмеге кирген мамлекеттерге көп саткан 10 товарды топтоду.
Алгач Россия менен тышкы соода жүгүртүүнү карап көрөлү (Улуттук статистика комитетинин өткөн жылдын январь-октябрь айларындагы маалыматы колдонулду).
Россия менен товар жүгүртүү дээрлик 2,8 миллиард долларды түздү, Кытай менен болгон товар жүгүртүү андан көбүрөөк (3,4 миллиард доллар). Бирок, белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын Кытайга экспорту 50 миллион гана долларды түзөт. Ал эми Россияга 861 миллион доллардан ашык каражатка товар экспорттолгон (Made in KG товарларынын экспорту биринчи орунда).
Кыргызстан былтыр он ай ичинде Россияга эң көп төмөнкү 10 товарды жиберген:
1.
пахта жиптери — 84,5 миллион доллар (мындан ары доллар менен);2.
жез калдыктары жана сыныктары — 71,3 миллион;3.
трикотаж кездемелери — 49,1 миллион;4.
пахта кездемелери — 46,9 миллион;5.
эмеректер үчүн арматура бекиткичтер, фурнитура жана ушул сыяктуу буюмдар — 41 миллион;6.
химиялык буладан ийрилген жиптер — 33,1 миллион;7.
таңгактоочу жабдуулар — 27,6 миллион;8.
синтетикалык жиптен кездемелер — 26,5 миллион;9.
кургатылган жемиштер — 25,6 миллион;10.
автоунаалардын моторунун тетиктери жана жабдуулары — 19,8 миллион.