Кадамжай: бир үй-бүлөдөн 6 адам көз жумду. Алдын ала себеби айтылды

Кырсыктын кесепетинен аял-күйөө, балдары жана үй ээсинин тууганы каза тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кадамжай районунун Алга айылында электр мешинен чыккан иске ууланып бир үй-бүлөдөн алты адам көз жумган. Бул маалыматты Алга айыл өкмөтүнөн тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 29-декабрга караган түнү болгон. Кырсыктын кесепетинен 37 жаштагы күйөөсү, 36 жаштагы аялы, алардын эки уул, бир кызы жана үй ээсинин тууганы каза болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, алар жашаган үйүн жылытуу үчүн эки электр мешин иштетип келишкен. Эки меш бир убакытта иштеп жаткандыктан электр кубатына күч келип, үйдүн кире беришиндеги бөлмөдө электр чубалгысы үзүлгөнүн айтышты. Үй ээси ошол электр чубалгысына (токко урунуп) урунуп каза тапкан деп божомолдонууда. Ал эми үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү иске ууланып көз жумганы айтылууда.
Радио
Адис ис уруудан кантип сактануу керектигин айтып берди