Бишкектеги эски аэропорттун имараты ИИМге берилмей болду

Кеп борбор калаанын Айтматов проспектисинде жайгашкан имарат жана анын 0,27 аянт жери тууралуу болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Бишкектеги эски аба майдандын имараты Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгына берилет. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.
Бул мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында жасалганы белгиленет.
"Манас" эл аралык аэропорту" ААКка Бишкек шаарында жайгашкан (Айтматов проспектиси, 95) эски аэропорттун имаратын 0,27 гектар жер тилкеси менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берүү сунушталган.
Аталган фондго бул объектини мамлекеттин менчигине алып, ИИМдин тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тапшырылган.
Бишкекте ИИМдин ички аскерлери үчүн жаңы казарма ачылды. Сүрөт