Жолго чыккандар абайлагыла. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү

Тоолуу аймакта жолго чыккан айдоочуларга коопсуздук эрежелерин карманып, автоунаалардын арасында 500 метр аралык менен жүрүүнү эскертишти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. 3-5-январь аралыгында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашуулардагы автожолдорго көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай шашылыш билдирүүнү Кыргызгидромет агенттиги таратты.
"Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка — Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымында көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Жолдор тайгалак болуп, муз тоңот", — деп айтылган маалыматта.
Агенттик тоолуу аймакта жолго чыккан айдоочуларга коопсуздук эрежелерин сактап, автоунаалардын арасында 500 метр аралык сакталышы керек экенин эскертти.
Жылдын алгачкы айы өтө суук болобу? Январга карата аба ырайы