4-январга карата аба ырайы

4-январга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагына кар түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Шаршембиде республиканын көпчүлүк жеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -1...+4, Талас жергесинде жана Ысык-Көл чөлкөмүндө -2...+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6, ал эми Нарында -5...-10 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте жана Ош калаасында +2...+4 градусту көрсөтөт.
Жылдын алгачкы айы өтө суук болобу? Январга карата аба ырайы