Бишкекте жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Кош бойлуу келин оор абалда

Кырсыктан жабыркагандардын үчөө балдар. Алардын абалы орто деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бишкекте жол кырсыгы катталып, алты адам жабыркады. Кабарды ЖКККБнын маалымат кызматы тастыктады.
Билдирмеге караганда, Subaru Forester менен Honda Fit унаалары сүзүшкөн.
"Азыр териштирүү иштери жүрүп жатат. Жалпысынан алты адам жабыркаган, медицина кызматкерлери анын ичинен экөөнүн абалы оор экендигин айтышты. Бири 19 жаштагы кош бойлуу келин, экинчиси 26 жаштагы кыз. Жабыркагандардын үчөө балдар, алар 14, 3 жана 2 жашта, абалы орто. Дагы бири 32 жаштагы эркек киши. Каза болгондор жок. Кырсыктын себеби аныкталууда", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда Honda Fit автоунаасы жол четине чыгып, арыкка түшүп калгандыгы көрүнөт.
Жаңы жыл түнү жол кырсыгынан милиция кызматкери каза болду. Видео