БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Ысык-Көл облусундагы аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Билдирмеге ылайык, 2-январда жаан-чачын болбойт. 3-январда түнкүсүн тоолуу райондорго кар түшөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.
Ал эми 4-январда жана 5-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлүп жатат.
Ошондой эле 5-январда күндүз жана 6-7-январда жаан-чачын болбойт.
Жекшембиде, 8-январда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерге кар түшөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-январда күндүз жана 4-январда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.