Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТОнун баш катчысы Украинадагы жаңжалдын узакка созулушуна даярданууга чакырды

Столтенберг Россия көздөгөнүнөн кайтпайт деген пикирин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Түндүк атлантика альянсынын башкы катчысы Йенс Столтенберг Украинадагы жаңжалдын узакка созулушуна даярданууга чакырды. Бул тууралуу ал BBC басылмасына берген маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Биз узак жолдорго даяр болушубуз керек. Анткени Россия өзүнүн башкы максаты — Украинанын үстүнөн көзөмөлдү орнотуу ниетинен кайтпай турганын көрүп жатабыз", — деген ал.
Анын пикиринде, Киев тынчтык келишимин түзүү үчүн аскердик колдоого абдан муктаж. Бул узакка созулушу мүмкүн.
Өткөн жылдын декабрь айында Владимир Зеленский россиялык аскерлерди 1991-жылдагы чек арага сүрүп чыгуу Украинадагы жаңжалды чечүүнүн жалгыз жолу деп айткан. Крым парламентинин башчысы Владимир Константинов Зеленскийдин бул айткандары боюнча "Зеленскийге Украинадагы тынчтыктын кереги жок" деген. РИА Новости агенттигинин Москвадагы өздүк булагы эгерде Зеленский 1991-жылга кайтууну каалап жатса, анда ал чек ара жөнүндө эмес, Россия менен бир туугандай мамиледе болгондугун айтышы керектигин белгилеген.
Россия өткөн жылдын 24-февралында Украинага атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери киевдик режим тарабынан геноцидге жана мазактоого кабылган элди коргоо" деп атаган. Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: НАТО Украина аркылуу санарип куралды эсеби жок таратып жатат