Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина армиясы HIMARS ракетасы менен Макеевкага сокку уруп, 63 киши көз жумду

Курман болгондордун жакындарына колдоо көрсөтүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрү россиялык аскерлердин убактылуу жайгашкан ДЭРдин Макеевкасына сокку уруп, натыйжада 63 адам көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматта сокку HIMARS залптык от реактивдүү тутумунан жасалганы айтылат. Украиналык аскерлер алты ракета учурушкан, экөөнүн мизи кайтарылганы белгиленди.
РФ Коргоо министрлиги курман болгондордун жакындарына керектүү жардам көрсөтүлөрүн убадалады.
Макеевка — түндүк-чыгышынан Донецкинин борбору менен чектешкен шаар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун баш катчысы Украинадагы жаңжалдын узакка созулушуна даярданууга чакырды