Батышта Россия экономикасынын бекемдигинин үч себеби айтылды

Экономика россиялык адистер башынан бир катар кризисти кечиргенине, бир топ тажрыйба топтогонуна токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Стокгольм экономика мектебинин Чыгыш Европа институтунун башчысы Турбьерн Беккен швециялык SVT телеканалына маек куруп жатып россиялык экономиканын Батыш санкцияларына туруктуулугунун үч себебин белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, биринчи кезекте нефть менен газдан мурдагыдай эле ири киреше түшүүдө.
Экинчи себеп — банк системасына киргизилген санкциялардан кийин пайда болгон финансылык көйгөйлөрдү Россиянын Борбордук банкынын тез арада чече алганы.
Үчүнчү себеп — мурунку финансылык каатчылыктан топтогон тажрыйба. Санкциялардын кесепети менен бир катар экономикалык кризисти башынан кечирген адистер күрөштү. Беккер 1998-жылдагы каатчылыкты, 2008-2009-жылдары болгон дүйнөлүк кризисти жана 2014-жылы нефтиге болгон баанын бир топ төмөндөп кетишине байланышкан каатчылыкты эске салды.
"Россиянын макроэкономикасын тескеген адистер бир катар кризистен өткөн, демек, алар санкциялардын соккусун жеңилдетүү үчүн эмне кылуу керектигин жакшы билишет", — деген эксперт.
Россиялык атайын операция башталгандан кийин батыш мамлекеттери Москвага санкциялык кысымын күчөткөн, бирок бул Батыштын өзүндө отунду кымбаттатып, инфляцияны болуп көрбөгөндөй көрсөткүчкө жеткирген. РФ лидери Владимир Путин Россияны алсыратуу жана ооздуктоо АКШ менен анын тарапташтарынын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин белгилеп, санкциялар дүйнөлүк экономикага катуу сокку урганын билдирген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдын турмушун начарлатуу.
Ким Чен Ын АКШ Азияда НАТОнун аналогун түзүүдө деп айыптады