NASA: Кытай Айдагы территорияга ээ экенин айтып чыгышы мүмкүн

Кытай менен Россия 2021-жылы Эл аралык илимий ай станциясын түзүүдөгү кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. NASA жетекчиси Билл Нельсон эгер Кытай астронавттарын Айга кондура турган болсо территорияга ээлик кылуу укугу тууралуу маселе көтөрүп чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Politico жазды.
"Космостук жарышка түшкөнбүз, бул айныгыс факт. Биз азыр Кытай илимий изилдөөнү бетке кармап, Айдын бир жерине конуп калбашына дыкат көз салышыбыз керек. "Алысыраак болгула, бул биздин аймак" дешпейт деп ким кепилдик берет", — деди Нельсон.
NASA жетекчиси АКШ Айга Кытайдан биринчи болуп кайтып барарына үмүт артып, ошол эле маалда Пекиндин акыркы он жылдагы ийгилигине көңүл бурган.
Эскерте кетсек, Кытай менен Россия 2021-жылы Эл аралык илимий ай станциясын түзүүдөгү кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Бул Ай орбитасында жана үстүңкү кыртышында түзүлгөн эксперименталдык-изилдөө каражаттарынын комплексин камтыйт. Ал жакта бир катар илимий изилдөөлөр жүрүп, байкоо жүргүзүү, аралыктан туруп пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү каралган технологияларды текшерүү аракеттери көрүлмөкчү.
Буга чейин spacenews.com сайты Нанкинде өткөн Космос күнүндөгү презентацияга таянып, мындай станция 2035-жылга чейин үч этап менен түзүлөрүн маалымдаган.
БУУ Россиянын космосто курал жайгаштырбоо боюнча резолюциясын кабыл алды