БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Качкындардын Европага агылышын Батыш шарттап жатат. Мындай пикирин россиялык сенатор Алексей Пушков өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Батыш баштаган ар бир жаңы согушу же чагымчылыгы Европаны качкындардын жаңы толкунуна кептейт", — деген Пушков.
Ал буга мисал катары Ирак, Ливия, Сирия, Афганистан жана Украинаны айткан.
"Франция эчак эле бул кысымга багынып берген. Ал эми Британиянын Европа биримдигинен бөлүнүп, мигранттарды кабыл алуу квотасынан баш тартуусу дагы бул толкундарга туруштук берүүгө жардам боло албайт", — деп белгилеген сенатор.
Буга чейин Sky News телеканалы Улуу Британияга 2022-жылы Ла-Манш куймасынан кеме менен өтүп 45,7 миң мигрант баргандыгын маалымдаган. Бул көрсөткүч 2021-жылдан 60 пайызга көп. Өткөн жылдын август айында аталган өлкөдө 2019-жылдан бери чек арадан өтүүдөгү мыйзам бузуулар эң көп катталган. Анда Улуу Британияга кирүү тартибин 13,5 адам бузган, алардын баары Ла-Манш каналы аркылуу өтүшкөн.
БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары башкармалыгынын маалыматына ылайык, өткөн жылдын 24-февралынан 30-августуна чейин Европа өлкөлөрүнө Украинанын 7 миллиондон ашык жараны барган.