Жакырларга белек тараткан Санта-Клаустан ажайып фейерверкке чейин. Апта ирмеми

Бразилия Пеленин өлүмүнө байланыштуу аза күтүп жатат. Испаниялыктар тамак-аш жасап жарышка түшсө, КМШ лидерлери Санкт-Петербургда жолукту. Назарыңыздарда өткөн аптанын маанилүү окуялары.
Sputnik
1 / 18

"Нью-Йорк Никс Сити" бийчилери Нью-Йорктогу баскетбол учурунда

2 / 18

Порт-Стенлидеги (Канада) муз каптаган пирсти карап жүргөн адамдар

3 / 18

Алтын храм комплексинде диний иш-чара учурунда жоокердик өнөрүн көрсөтүп жаткан улан. Индия, Амритсар шаары

4 / 18

Убактылуу баш калкалоочу жайда жуунуп жаткан качкын рохинжа. Индонезия

5 / 18

Ватиканда рождестволук сыйынуунун алдындагы швейцариялык гвардиячылар

6 / 18

Даңазалуу футболчу Пеленин урматына бразилиялык желектин түсүнө жарыктандырылган Иисус Христостун статуясы. Рио-де-Жанейро, Бразилия

7 / 18

Испаниялыктар "Эльс Энфаринац" кулинария жарышында

8 / 18

Таиланд — Камбоджа чек арасындагы Пойпед өткөрүү пунктунун Камбоджа тарабында жайгашкан казино-отелден чыккан өрт

9 / 18

Санкт-Петербург шаарындагы Орус музейин кыдырган КМШ лидерлери

10 / 18

Турналардын жок болуп бараткан түрү. Таиланддагы Хуай Чорахе Мак суу сактагычынан атайын багылган сарусту табиятка коё берип жатышат

11 / 18

Президент Садыр Жапаров Аламүдүн капчыгайындагы "Норус" базасында лыжа тээп келди

12 / 18

Санта Клаустун кийимин кийип алган Мохаммед Мааруф Ирактын Басра шаарындагы жакыр райондорун кыдырып, белек таратып жүрөт

13 / 18

Египеттин "Аль-Иттихад" менен "Аль-Ахли" баскетбол командаларынын оюну учурунда кулап, бир топ кишини жабыркаткан трибунаны тазалоого аракет кылган эл

14 / 18

Кышкы балык уулоо фестивалы. Кытай

15 / 18

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда балдар үчүн коюлган жаңы жылдык оюндун катышуучулары

16 / 18

"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык салют

17 / 18

Кытайдын Хуанхе дарыясынан өткөн көпүрөдөгү массалык кырсык

18 / 18

Бурж-Халифа мунарасын жарыктандырган жаңы жылдык фейерверк