3-январга карата аба ырайы

3-январга караган түнү Чүй жергесинин тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Шейшемби күнү Чүй, Ош, Нарын өрөөнүнүн айрым, Талас, Жалал-Абад, Баткен чөлкөмүнүн көпчүлүк жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
3-5-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 55-107 чакырымында, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-101 чакырымында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка — Акташ автоунаа жолунун 1-4 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6, Талас менен Ысык-Көл жергесинде 0...+5, ал эми Нарында 0...-5 градус суук болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто кечинде кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +6...+8 жана Ошто +4...+6 градуска жетет.
Келерки аптада Ысык-Көлдө күтүлгөн аба ырайы