Бишкек шаарынын башкы планынын иштеп чыгуу 1999-жылы башталып, 2006-жылы бекитилген. Анын мөөнөтү 2025-жылы аяктамак. Ошол учурдагы эсептөөлөрдө ички миграция жана демографиялык өсүү боюнча борбор калаанын калкы бир миллион 200 миӊ кишини түзүшү керек эле. Бирок 2022-жылдын январь айында эле калктын саны бир миллион 198 миӊ болуп калды. Бул тууралуу Азирет Акимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылга чейин бекитилген Бишкек шаарынын башкы планы 27 пайызга гана аткарылган.
"Бишкек шаарынын башкы планы 2006-жылы бекитилип, экономикалык эсептөөлөр болуп жатканда 2010-жылы, 2015-жылдагы коогалаӊдар, анын кесепетинен жер басып алуулар, жаӊы конуштар пайда болот деп эч ким алдын ала көрө билген эмес. Ушундай себептерден улам 2022-жылы январь айында үч жылга эрте эле калаанын калкынын саны бир миллион 198 миӊ болуп чыга келди. Бишкекте 47 жаӊы конуш пайда болсо, анын 20сы басып алуунун негизинде жайгашып калган. Бул - бала бакча, мектеп, оорукана өӊдүү социалдык мекемелерге күч келтирип, ыш, шаардын кирдеши, экологиянын бузулушуна түздөн-түз таасир этүүдө. Ошентип Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун демилгесинде Бишкек мэриясы, шаардык кеӊеши 2021-жылы мэрдин токтому менен жумушчу топ түзүп, башкы планды жаӊылоо боюнча техникалык тапшырма аткарылган. Бул иш боюнча "башкы план өтө олуттуу, оор документ, институттун колунан келбейт" деген көп сындар айтылды. Россия, Прибалтикадан адистер чакырылып, алар 10 күндөй жүрүп, шаардын башкы планын анализдеп, сунуштарын берип кеткен. Ошентип Бишкек шаарынын техникалык планы иштелип чыккан. Ага 2022-жылы шаардык кеӊештен 20 миллион сом каражат бөлүнүп, топонимикалык съемкасын кылдык. Бул жерде документтен тышкары да аны ишке ашыруу маселеси турат. Алсак, 2025-жылга чейин бекитилген Бишкек шаарынын башкы планы 27 пайызга аткарылган. Демек, бул план дагы деле актуалдуулугун жогото элек. Аны жаӊылап туруп эле аткарылбаган жумуштарды ишке ашырыш керек. Мен жана адистер дагы ушундай ойду айтып жатабыз. КМШ өлкөлөрүндө борбор калаанын башкы планы ар беш жыл сайын жаӊыланат. Ага жетиштүү каражат бөлүнөт. Учурда биз дагы талап болсо беш жыл сайын башкы план жаӊылансын деген норма киргизип жатабыз", — деди Акимов.
Ал Бишкек шаарынын башкы планын жаӊылоого 70 миллион сомго жакын каражат, ал эми толугу менен жаӊы иштеп чыгууга 130 миллион сом керектигин кошумчалады.