Өлкөдө коомдук бирикмелердин саны өстү, арасында диний уюмдар да бар

Коомдук бирикме — руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызыкчылыктардын жалпылыгынын негизинде бириккен жарандардын ыктыярдуу бирикмеси.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку беш жылдын ичинде коомдук бирикмелердин жана уюмдардын саны өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алар (2018 жана 2022-жылдарга карата маалыматтар көрсөтүлөт):
саясий партиялар — 251-323;
коммерциялык жана ишкердик уюмдар — 1 486-1 717;
кесиптик союздар — 739-805;
кесиптик уюмдар — 744-765;
диний уюмдар — 556-627;
башка уюмдар — 15 981-18 452.
Коомдук бирикме — руханий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде бириккен жарандардын ыктыярдуу бирикмеси. Ал эми коомдук уюмдун андан айырмаланып өзүнүн уставы болот.
Өкмөт өлкөдөгү мамлекеттик органдардын ишине баа койду. Тизме